21:04 14 февраля 2022

ОшМУда Корей тили жана маданияты борбору ачылды

Бишкектеги Түштүк Корея билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гван жана ОшМУнун Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиевдин катышуусунда ОшМУда Корей тили жана маданияты борбору ачылды.

Борбор студенттердин корей тилин, корей маданиятын, кыргыз тили менен корей тилинин окшоштук, өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө ылайыкташкан бардык техникалык каражаттар жана 1500дөн ашуун адабияттар менен камсыздалат.

Түштүк Кореянын билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гван дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттерге Корея өкмөтүнүн I семестрдеги окуунун жыйынтыктары боюнча 400 доллардан стипендия тапшырды.

Корея өкмөтү тарабынан корей тилин жана маданиятын тереңдетип окутуу үчүн атайын адис да тартылган. Окутуучу Кан Джиен ОшМУда 1 жыл аралыгында студенттерге билим берет.

Корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттер 2-курстан тартып академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларынан I семестр окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть