18:05 16 февраля 2022

ОшМПУда Китеп белекке берүү күнү белгиленди

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 14-февраль — Эл аралык китеп белекке берүү күнү белгиленип, студенттер аралык сынак жана интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.

Аталган сынак жана оюндар жаштардын китеп окууга болгон ынтызарлыгын жана кызыгуусун арттыруу, китепкөй адис болууга үндөө максатында университеттин жаштар комитети тарабынан уюштурулган.

Иш-чара Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасынын негизинде өткөрүлүп, ага окуу жайдын факультеттеринен жалпы 150 студент катышты. Сынак тест аркылуу жүргүзүлүп, окурмандардын романды канчалык деңгээлде билүүсү жана алардын чыгармадан алган билимдерин текшерүү багытында мыктылар аныкталды.

Жыйынтыгында 3-орунга Келдибек уулу Мурадил ээ болуп, ага «Каныбек» романынын 2 томдук китеби тапшырылды. 2-орунду Орозбай кызы Дагестан ээлеп, ал Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» китеби менен сыйланды. Ал эми 1-орунду Советбек кызы Зулайка багындырып, Чыңгыз Айтматовдун 10 томдук китебине ээ болду.

Ошондой эле колледж бөлүмүндө факультеттер аралык «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну өткөрүлүп, билим көрөңгөсү бай чыныгы окурмандар аныкталып, китептер менен сыйланышты.

5-февраль күнү уюштуруу тобу тарабынан сынактын жобосу жарыяланып, студенттерге билдирүү берилген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть