17-февралда ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде «Студенттерди адистике калыптандырууда жогорку окуу жай менен өндүрүштүн ролу» аттуу конференция болуп өттү.
Конференцияга ОшМУнун ректору, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директору, Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Ош облустук стоматологиялык эмканасынын башкы дарыгери, Дары-дармек департаментинин түштүк филиалынын жекечиси, ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин деканы жана ОшМУнун профилактикалык өндүрүш бөлүмүнүн жетекчилери катышты.
«Конференциянын негизги максаты — бүтүрүүчүлөрдү учурдун талабына ылайык окутуу жана компетенцияларды калыптандыруу, жумуш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөдүн байланышын түзүү болуп эсесптелет», - деди ал.