20:45 21 февраля 2022

Урал медициналык университети менен ОшМУ кош дипломдуулук боюнча кызматташтыкты кеңейтет

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Урал мамлекеттик медициналык университетинде болуп, окуу жайдын ректору Ольга Ковтун, окуу жайдын проректорлору жана тиешелүү жетекчилер менен жолугушту.

Жолугушууда ректорлор кош дипломдуулук программасына «педиатрия» адистигин кошуу маселелерин талкуулашты. Ординаторлорду стажировкадан өткөрүү, аспирантурадан кийинки кесиптик билим берүү, кышкы жана жайкы мектептерди уюштуруу, абитуриенттер үчүн даярдоо факультетин түзүү боюнча биргелешкен иш пландарды талкуулашты.

Делегация УрММУга ОшМУдан барып, билим алып жаткан 3 ординатор менен жолугуп, пикир алышты.

Буга чейин ОшМУ менен Урал мамлекеттик медициналык университети кош дипломдуулук программасы боюнча келишимге кол койгон. 2021-2022-окуу жылында «дарылоо иши» жана «стоматология» адистигине студенттер кабыл алынып, билим алышууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть