20:47 21 февраля 2022

Урал федералдык университети менен ОшМУнун кызматташтыгы бекемделет

Россияда иш сапарда болгон ОшМУнун делегациясы Урал федералдык университетинде болуп, академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен билим берүү программаларын түзүү багытында маселелерди талкуулашты.

УрФУ менен ОшМУнун кызматташтыгы 10 жылдан ашык убакыттан бери уланууда. ЖОЖдор энергетика багыты боюнча магистранттарды биргелешип окутууну жүргүзүп, илимий жана билим берүү тармагындагы долбоорлорду биргелешип аткарып келет. Эки тараптын жолугушуусунда адистиктер ортосунда биргелешкен билим берүү программаларын түзүү маселелери талкууланды.

2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндарына УрФУ ыктыярчыларды тартуу иштерин алып барат. Бул багытта да ОшМУ менен кызматташып, ыктыярчыларды жөнөтүү маселелери да колго алынары жолугушууда айтылды.

УрФУ — Екатеринбургда жайгашкан 100 жылдык тарыхы бар алдыңкы университет. Академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 40 өлкөсүндөгү 162 университет менен кызматташат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть