20:53 21 февраля 2022

ОшМПУнун колледжинде дүйнө тилдерин даңазалаган декада старт алды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата декада старт алды.

Иш-чара «Тил үйрөнүүдөн ырахат ал!» деген темада болуп, аны дүйнөлүк тилдер кафедрасы жаштардын тил үйрөнүүгө шыгын арттыруу жана чыгармачылыгын өстүрүү максатында уюштурууда.

Ага «орус тили» жана «англис тили» адистигинде билим алып жаткан студенттер катышып, декаданын ачылышында орус элинин жомокторун сахналаштырышты.

Аталга декада 26-февралга чейин уланат. Уюштуруу тобу тарабынан түзүлгөн пландын негизинде алдыда ачык-тарбиялык сааттар, сынактар жана интеллектуалдык оюндар уюштурулат. Жыйынтыктоочу күнү эң мыкты сабактар белгиленип, ага активдүү катышкан студенттерге сыйлыктар тапшырылат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть