Ош технологиялык университетинин студенттеринин арасында «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну болуп өттү.
Сынак студенттердин жан дүйнөсүн кеңейтүү, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү жана логикалык ой-жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, окуу жайга болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулуп, жалпысынынан 14 команда катышты.
Жыйынтыгында 1-орунду «Комета» командасы, 2-орунду «Жалын» командасы жана 3-орунду VIP командасы камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.
Бул иш-чара «IQ-ОшТУ» командасы тарабынан уюштурулду.