23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган волейбол боюнча мелдеште Ош технологиялык университетинин окутуучулары жана студенттери байгелүү орундарга ээ болушту.
Мелдеш 2 топко бөлүнүп, өткөрүлгөн. 1-топто Ош шаарында жайгашкан бардык мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында уюштурулуп, анда волейбол боюнча 2-орунду ОшТУнун курама командасы ээледи.
Ал эми 2-топто Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери оюн жүргүзүп, анда 1-орунду ОшТУнун курама командасы камсыздады.
Жеңүүчүлөргө Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер тапшырылды.
22-февралда жеңишке ээ болгон университеттин волейбол боюнча командаларын жалпы жамааттын атынан ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу Мурзабек Сагыналиев куттуктап, команданын ар бир мүчөсүнө жана машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди.