18:54 22 февраля 2022

КМУнун чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде конок лекция окулду

2022-жылдын 15-февралында И.Арабаев атындагы КМУнун чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин журналистика, филология, лингвистика багытында билим алган студенттери үчүн конок лекция уюштурулду.

Лекцияны Москва шаарындагы Элдердин достугу университетинин массалык коммуникация кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Кайркуль Касымалиева окуду. Лекциянын темасы — «Современные лингвистические теории».

Конок лекциянын жүрүшүндө студенттерге лингвистикалык тексттер, алардын табияты, түрлөрү, алар менен иштөөнүн ыкмалары сыяктуу маселелер практика жүзүндө көрсөтүлдү. Соңунда студенттер кызыккан суроолорун беришип, талкуу болду.

Аталган иш-чаранын максаты студенттерди кесипке үндөө, сөз менен иштөө ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат. Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасынын «Кыргыз Руху» залында болуп өттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть