21:03 21 февраля 2022

ОшмПУда усулчу окутуучуларга өзгөчө көңүл бурулат

18-февраль күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев окуу жайда ар бир адистик боюнча окутуунун усулунан сабак берген окутуучулар менен жыйын өткөрдү.

Жыйынга жалпы 50гө жакын усулчу окутуучу катышып, алгач ректор Б.Зулуевдин «Заманбап усулчу» аттуу баяндамасына күбө болушуп, бир топ маалыматтарга ээ болушту. Ректор педагог, усулчу катары өз тажырыйбасы менен бөлүшүп, катышуучулар менен билим берүүдөгү көйгөйлөр, аткарылып жаткан иштер, студенттердин билим деңгээли тууралуу жакындан пикир алышты.

Андан тышкары, ректор окуу жай тарабынан окутуучулар үчүн бардык шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын, усулчулар колдоно турган кандай каражаттар зарыл болсо, дароо алып берилерин жана жаңы идея, сунуштар менен келген ар бир кызматкерге колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Ошондой эле ректор өз кесибинин үстүндө үзүрлүү иш алып барып, билим берүүдө мыкты чеберчилигин көрсөткөн усулчуларга жылына 2 ирет стимул катарында атайын университеттин акчалай сыйлыктары ыйгарыларын кошумчалады.

ОшМПУ өлкөнүн түштүк аймагындагы дээрлик бардык мектептер, бала бакчалар менен тыгыз иш алып барып, билим берүүнүн баскычтарын комплекстүү түрдү ишке ашырып келет. Ушуларды эске алуу менен Б.Зулуев усулчуларга өзгөчө кайрылуу жасап, мугалимдин статусун жогорулатууда, агартуучу болом деп келген студенттерди татыктуу адис кылып даярдоодо усулчулардын орду жана жоопкерчили жогору экенин эскертти.

Ууниверситетте буга чейин ар бир адистик боюнча усулдук борборлор түзүлүп, атайын жаңы каражаттар, заманбап эмеректер, жумшак стол, отургучтар орнотулуп, китеп, колдонмо материалдар, интерактивдүү доска, компьютер, принтерлер менен камсыздалган. Муну менен катар мыкты усулчулардын эмгегин баалоо максатында сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөр жыл жыйынтыгында акыркы үлгүдөгү компьютер, ноутбук жана уюлдук телефондор менен сыйланышкан.

Аталган жыйын университетте даярдалып жаткан болочок педагогдордун дагы да жакшы адис болуп калыптануусун жолго коюу жана коом талап кылган ар тараптуу дасыккан адистерди даярдоого шарт түзүү максатында ректордун демилгеси менен уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть