Кадамжай районундагы №11 «Исфайрам» орто мектебинде 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата, 23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу мектептин директору К.Рысбаев билдирди.
Мектепте класс жетекчилер тарабынан атайын бурчтар уюштурулуп, тарбиялык сааттар өткөрүлдү.
«Мен — мекендин коргоочусумун» деген темада 8-9-10-11-класстар арасында мелдеш өткөрүлдү. Балдар ар тараптан күчтөрүн сынап, мекенди коргоого даяр экендиктерин көрсөтө алышты. Мындан тышкары, 5-6-7-класстар арасында сүрөт сынагы, патриоттук ырларды көркөм окуу сынагы өткөрүлдү.