17:44 22 февраля 2022

Эдил Байсалов ОшМУда иш сапары менен болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 21-февралда ОшМУда иш сапары менен болду.

Ал Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен биргеликте окуу жайдагы Москва мамлекеттик университетинин филалынын жаңы окуу корпусу менен таанышты.

Сапардын алкагында университеттин Индустриалдык-педагогикалык колледжиндеги алдыңкы тажрыйба борборунун билим берүүдөгү тажрыйбалары тууралуу маалымат алып, ОшМУнун медициналык клиникасынын иш тажрыйбасы менен таанышты.

Э.Байсалов жалпысынан ОшМУнун санариптик билим берүү чөйрөсү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча аткарылган иш-аракеттери, академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча маалыматтарды алды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть