16:09 25 февраля 2022

Гүлбара Ташиева ЖАМУнун медицина факультетинин деканы болуп дайындалды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы болуп Ташиева Гүлбара Самидиновна дайындалды.

Тиешелүү буйрукка окуу жайдын ректору, тех.и.д., профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович 21-февралда уол койду.

Гүлбара Ташиева — медицина илимдеринин кандидаты, доцент, саламаттыкты сактоонун отличниги, жогорку категориядагы дарыгер, акушер-гинеколог. Ал буга чейин ОшМУнун медицина факултетинде окуу иштери боюнча декандын орун басары болуп иштеген.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде медицина факультети 2010-жылы уюшулган. Факультетте ушул күнгө чейин 800дөй студент түрдүү багыттагы медициналык  билимге ээ болушкан. Алардын 400гө чукулу — чет өлкөлүк студенттер. Учурда аталган факультетте бардыгы болуп 4000дей студент окуп жатат. Аларга 200дөн ашуун профессордук-окутуучулук курам билим берет.   

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть