18:54 25 февраля 2022

Дене тарбия жана спорт академиясына Москва педагогикалык университетинин өкүлдөрү келишти

2022-жылдын 22-февралында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына Москва шаардык педагогикалык университетинин ректору Игорь Реморенконун тапшырмасы менен университеттин өкүлдөрү келишти.

Делегациянын курамында м.и.к., МШПУнун доценти Ирина Гернет, МШПУнун дене тарбия жана жашоо коопсуздугу кафедрасынын ага окутуучусу Дильбар Борисовец, МШПУнун ага окутуучусу Михаил Гернет бар.

Жолугушууда Москва шаардык педагогикалык университети жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар учурдагы эмгек рыногунун талаптарын эске алуу менен жогорку окуу жайлары ортосунда маданий алакаларды кеңейтүү, билим берүү, дене тарбия жана спорт тармагында эл аралык кызматташууларды өнүктүрүү, илим жаатында интеграциялык процесстерди тереңдетүү багыттарында биргелешип иш алып баруу, дене тарбия жана спорт боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдоонун натыйжалуу структурасын калыптандыруунун бекем пайдубалы болорун белгилешип, төмөндөгү жыйынтыктарга келишти:

1.Бул Меморандумдун максаты тараптар ортосунда академиялык жана билим берүү алакаларын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу болуп саналат.

2. Тараптар, төмөндөгү эки тараптуу мамилелерди жана кызыкчылыктарды өнүктүрүүгө макул:

  • Бири-бирине колдоо көрсөтүү үчүн изилдөө жана өз ара жардам көрсөтүү максатында изилдөөлөр жана кызматкерлер аркылуу тажрыйба алмашуу.

  • Изилдөөлөр жана спортчулардын чогуу машыгуулары боюнча иш-чараларга катышуу жана тажрыйба алмашуу.

  • Эки тараптын кызыкчылыктарын көздөгөн тармактардын документациялары жана изилдөө материалдары менен алмашуу.

КМДТжСАнын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Саитдин Азизбаев Москвадан келген делегациянын кызматташуулар боюнча сунуштарына академиянын жамаатынын атынан ыраазычылыгын билдирип, мындан ары алакалар практика жүзүндө жемиштүү уланарына ишенерин белгилеп кетти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть