20:20 28 февраля 2022

ОшМУнун делегациясы Түркиянын Сивас Жумхуриет университетинде иш сапар менен жүрөт

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов баштаган делегация Түркиянын Сивас Жумхуриет университетинде квалификацияны жогорулатуу иш сапарында жүрөт.

Делегациянын иш сапары Сивас Жумхуриет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыздын кабыл алуусу менен башталды. Жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтык, алдыга койгон пландары боюнча пикир алышуу болду.

ОшМУнун делегациясы Сивас Жумхуриет университетинин структуралык түзүмдөрү, окуу-методикалык, илимий-изилдөө иштери, окутууда кредиттик технологияны колдонуу усулдары менен таанышты.

Андан сырткары, студенттердин жана окутуучулук курамдын алмашуу программалары боюнча ар бир жетекчилик менен өз ара келишимдерди түзүү иштери боюнча макулдашуулар күтүлүүдө.

ОшМУ Жумхуриет университети менен «Эрасмус+» программасы аркылуу 2015-жылдан бери кызматташып келет. 2020-жылы ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Туркияга болгон иш сапарында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть