20:24 28 февраля 2022

ОшМПУда агайлар ортосунда бильярд боюнча биринчилик өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде агайлар жана кызматкерлер арасында спорттун бильярд түрү боюнча мелдеш өттү.

Мелдеш 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата окуу жайдын жетекчилиги, Профсоюз комитети жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулду.

Жумуш менен эс алууну айкалыштырып, эмгекке эргүү берүүгө багытталган бул саамалык жамааттын ынтымагын бекемдөө, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана ден соолукту чыңдоо максатында ишке ашты.

Мелдешке жалпы 30дан ашуун катышуучу катталып, оюнчулар чүчү-кулак кармоо менен жобого ылайык 4 тайпага бөлүнүшүп, оюн курушту. Таймаш кызуу уланып, ар бир тайпада мыкты оюн көрсөткөн 2ден оюнчу чейрек финалга жолдомо алышты. Чейрек финалда 8 оюнчунун ичинен жеңүүчү болуп 4 оюнчу жарым финалга чыкты.

Финалдык бөлүктө ат салышкан дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Данияр Осмоналиев жеңүүчү болуп, баш байгени, ал эми тарых кафедрасынын ага окутуучусу, ОшМПУнун юристи Талант Кармышаков 1-орунду камсыздашты. 2-орунду дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Жолдошбек Кадымаев ээлесе, 3-орунду кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Сейит Исираев алды.

Жеңүүчүлөр, мыкты оюнчулар жана ардагер оюнчулар уюштуруу тобу тарабынан баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана диплом, кубок менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть