19:20 28 февраля 2022

ИИМдин Академиясында «Кыргыз туусу — өлкөбүздүн жүзү» аттуу тегерек стол өттү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына карата Э.Алиев атындагы ИИМдин Академиясынын коомдук-саясий сабактар кафедрасы тарабынан 2022-жылдын 25-февралында «Кыргыз туусу — өлкөбүздүн жүзү» аттуу жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучуларынын катышуусунда тегерек стол болуп өттү.

Аталган иш-чарага Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекттик маданият жана искусство университетнин, ИИМдин Академиясынын октуучулары катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө мамлекеттик символдордун бири болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун коомдогу орду, кыргыз желегинин даражасын көтөрүү маселелери, анын ИИОнун кызматкерлерин адеп-ахлактык, руханий тарбиялоодогу ролу жана ошондой эле кыргыз туусунун эл аралык аренадагы орду тууралуу маселелер талкууга алынды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар ИИМдин Академиясынын окутуучулар курамына ыраазычылык билдиришип, мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муундарды улуттук мамлекеттүүлүккө сыймыктануу духунда тарбиялоого, кыргыз элинин тарыхый жана маданий баалуулуктарын коргоого жана улуттук сыймыктын түбөлүк символу катары Мамлекеттик тууну баалоого тарбиялайт деген пикирлерин билдиришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть