Ош технологиялык университетинде «ОшТУ мырзасы-2022» аттуу жигиттердин кароо-сынагы болуп өттү.
Иш-чара жигиттердин мырзалык сапаттарын, жаштардын коомдогу ордун жакшыртып, студенттердин достук мамилесин чыңдап, улуттук каада-салттарды жана маданиятты өз деңгээлинде калыптандыруу максатында окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулган.
Конкурсанттар сынактын жобосунда белгиленген тапшырмалар боюнча таймашып, сахнада өз чеберчиликтерин тартуулашты.
Жыйынтыгында 1-орунду автоунаа жана тейлөө технологиясы факультетинин мырзасы Зупаров Абылкасым ээлеп, «ОшТУ мырзасы» аталды. 2-орунду архитектура жана курулуш факультетинин мырзасы Адбижалилов Амантур, ал эми 3-орунду экономика жана башкаруу факультетинин мырзасы Курванбеков Толкун ээлешти. Гуманитардык-технологиялык колледжинин мырзасы Рамидин уулу Расул «ОшТУ Инстаграм мырзасы» номинациясы менен сыйланды.
Жеңүүчүлөр окуу жайдын жетекчилиги тарабынан баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.