13:10 12 марта 2022

ОшТУда нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү болду

Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүүлүк тарыхында бир катар мамлекеттик символикаларына ээ болуу менен бирге көз карандысыздыгын камсыздап келе жатат. Улуттук атрибуттардын арасында өзүнүн валютасына ээ болуусу өлкөнүн көз карандысыз мамлекет катары чоң жетишкендиги болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө биздин акча бирдигибиз биздин өлкөнүн жарандары жана биздин өлкөгө келген башка мамлекеттердин жарандары үчүн биздин өлкөнүн аймагында милдеттүү түрдө колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жыл сайын ОшТУ менен биргеликте ар кандай иш-чараларды уюштуруп келет. Университет Кыргызстандын түштүк аймагында биринчилерден болуп экономика багытындагы адистерди даярдап баштаган. Бүгүнкү күндө дагы университеттеги экономика жана башкаруу факультети аталган багытта адистерди даярдоону улантып жатат.

Улуттук банк жана факультеттин биргелешип уюштуруусунда Ош технологиялык университетинде атайын көргөзмө уюштурулду. Мында ар бир даталуу күндөргө жана атактуу инсандардын мааракелерине арналып чыгарылган тыйындардын коллекциялары коюлду. Алтын жана күмүш куймалары, ар бир улуттук буюмдарга, чыгармаларга арналып чыгарылган, ар кандай формадагы жез куймалары болду.

Көргөзмөгө катышкандар кыргыздын улуттук колоритинде чыгарылган ар кандай алтын жана күмүштөрдүн, тыйындардын жасалгаларына күбө болушту. Көргөзмөгө коюлган буюмдардан каалоочулар сатып алышты. Бул иш-чарага улай Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге лекция окушту. Мында акча тууралуу бардык маалыматтар, алардын өнүгүү тарыхы, аларды сактоо жолдору, жүгүртүү системалары жана башка акчага байланышкан көптөгөн маселелердин тегерегинде лекция окулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть