9:35 4 марта 2022

ОшМУда Эне тил күнү белгиленди

ОшМУда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын катышуусунда Эл аралык эне тил күнүнө арналган «Көп тилдүүлүк, көп маданияттуулук — өнүгүүнүн жана достуктун символу» аттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаарындагы филиалынын төрагасы Балтагул Нурумбетов, Оштогу ар улуттун өкүлдөрү, ЖОЖдордун ректорлору, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты.

Майрамдык кечеде Ош мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз-Өзбек эл аралык университети жана Ош мамлекеттик юридикалык институтунун студенттери кыргыз, орус, англис, немис, япон, индия, пакистан, түрк, араб, өзбек элдеринин улуттук каада-салттарын, улуттук бийлерин, улуттук ырларын даңазалашты.

Кыргызстан элдер ассамблеясынын Оштогу бөлүмү тарабынан Ош шаарындагы диаспора өкүлдөрүнүн улуттук көргөзмөлөрү коюлду.

Жыйынтыгында активдүү катышуучуларга номинациялар боюнча Ош шаарынын мэриясынын дипломдору, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун башкы конференциясы тарабынан жарыяланган Эл аралык эне тил күнү 2000-жылдан бери тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү максатында жыл сайын белгиленип келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть