17:27 4 марта 2022

КМУнун проректору Ош жана Баткен мамлекеттик университеттеринде иш сапар менен болду

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы Ош жана Баткен мамлекеттик университеттерине иш сапар менен бады.

Иш сапардын алкагында ал XX кылымдын башындагы кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмер, советтик агартуу системасын түптөөгө зор салым кошкон инсан Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан «XXI кылымдын кадрлары» аталышындагы жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форумунун алкагында кызматташтык келишимдерин түзүү жана жаштар менен жүргүзүлүүчү иш пландын негизинде билим берүү, илим тармагында узак мөөнөттүү, комплекстүү пландарды биргеликте ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди.

Кыргыз алиппесинин автору, окумуштуу Ишеналы Арабаевдин атын алган И.Арабаев атындагы КМУда учурда 140 жылдыкка байланыштуу иш-чаралар байма-бай уюштурулуп жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть