17:04 4 марта 2022

ОшТУда Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү белгиленди.

ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу Мурзабек Сагыналиев Кыргызстандын эң башкы символикаларынын, атрибуттарынын бири болгон КР туусунун 30 жылдыгы менен куттуктады.

Ошондой эле ар бир жаран үчүн туу ыйык, баалуу экендигин белгилеп, ар бир жарандын жүрөгүндө тууга болгон урматтоо сезими жашап турсун деген тилегин билдирди.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни ырдалып, мекенчилдик темасындагы обондуу ырлар жаңырды.

Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-март күнү өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн. Туунун авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчибеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть