2022-жылдын 3-мартында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун окуу залында ЖОЖдор аралык Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасынын негизинде тест-таймаш өткөрүлдү.
Иш-чарага «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун медиа-координатору Нурболот кызы Айгерим, «Плюс-центр» борборунун башчысы Имангазиев Шергазы, Жусуп Баласагын атындагы КМУнун, К.Карасаев атындагы БМУнун, И.Ахунбаев атындагы КММАнын, КМЮАнын, И.Раззаков атындагы КМТУнун, Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун студенттери катышты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө грамоталар, дипломдор жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдук жыйнагы, китептер, ошондой эле, IT-курстарына катышууга жолдомолор тапшырылды.