17:20 4 марта 2022

ОшТУда Ак калпак күнү белгиленди

5-мартта Ош технологиялык университетинде Ак калпак күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

Салтанатка окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.

Иш-чарада ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу Мурзабек Сагыналиев кыргыз элиндеги ак калпактын өзгөчө ордун, бийиктигин, ыйыктыгын белгилеп, улуттук баш кийимди кастарлап кийүүгө чакырды.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни ырдалып, мекенчилдик темасындагы обондуу ырлар жаңырды.

Жыл сайын 5-мартта улуттук баш кийим — ак калпактын урматына майрам өткөрүлөт. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен улуттук баш кийимдин маанилүүлүгүн, улуттук каада-салттарды сактоо жана кыргыз элинин маданияты менен сыймыктануу сезимин өнүктүрүү максатында бекитилген.

Салтанаттын жүрүшүндө көргөзмөгө активдүү катышкан студенттерге ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть