8:37 11 марта 2022

Австриялык эксперт ОшТУнун студенттери менен жолугушту

Ош технологиялык университети Кыргызстанда биринчилерден болуп Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу багыты боюнча адистерди даярдап баштаган. Бул адистикти бүтүргөндөр өз кезегинде биздин өлкөдөн сырткары, алыскы жана коңшулаш мамлекеттерде өз адистиктери менен ийгиликтүү эмгектенип жатышат.

Университеттеги технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин курамындагы жашоо-тиричилик коопсуздугу кафедрасынын жана гуманитардык-технологиялык колледжинин геология, жаратылышты пайдалануу жана коопсуздук кафедрасынын жалпы жамааты тарабынан бул багытта билим алып жатышкан студенттер үчүн атайын иш-чара уюштурулду. Бул иш-чара күнүмдүк жашоо-тиричиликте жүз берүүчү ар кандай өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана анын алдын-алууда бул багыттагы инженерлердин теориялык жана практикалык иш-аракеттерине багыт берүүчү болуп эсептелет. Анткени инженердик-техникалык билим алууда керек болуучу бардык теориялык билимдер менен бирге аны практикада колдоно билүү өзгөчө орунду ээлейт.

Бул багытта билим алып жаткан студенттерге багыт берүүчү катары атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан көптөгөн маалыматтар айтылды. Жолугушууга австриялык эксперт Hubert Vaffer, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минситрлигинин Ош шаардык башкармалыгынан, эл аралык уюмдардан өкүлдөр жана жашоо-тиричилик коопсуздугу кафедрасынын жалпы жамааты, бул адистикте билим алып жаткан студенттер, гуманитардык-технологиялык колледждин Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу адистигинин студенттери, технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин жетекчилиги катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер тарабынан өзгөчө кырдаалдар орун алган учурдагы ар кандай иш-аракеттер, аларды болтурбоонун жолдору, өзгөчө кырдаалдын алгачкы учурундагы көрсөтүүлүүчү жардамдарга байланышкан ар кандай суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть