10:17 14 марта 2022

ОшМПУда кыргыз элинин каада-салты талкууланды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Кыргызстан элинин улуттук каада-салты, ырым-жырымдары жана үрп-адаттары жаштардын талкуусунда» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ош бөлүмү, Ош шаарынын мэриясы, «Ажарлуу аялзат» коомдук бирикмеси жана Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен биргеликте уюштурулуп, ага Ош шаарындагы ар улуттун өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чаранын башкы максаты — кыргыз элинин нукура салтын жоготпой, бирок ашыкча каражат талап кылган жөрөлгөлөрдү жоюу, ысырапкорчулуктун алдын алуу менен жаштарды сарамжалдуулукка тарбиялоо болуп саналат.

Кыргыз каадасынын бурмаланып, ашыкча чыгымдарды талап кылган жөрөлгөлөрү жана ысырапкорчулук боюнча талкуу жараткан саамалыкка улуттук жарманке коюлуп, окуу жайдын «Кербен» фольклордук ансамблинин аткаруусунда элдик күүлөр жана чыгармалар аткарылды.

Иш-чаранын расмий бөлүгүн «Ажарлуу аялзат» коомдук бирикмесинин төрайымы Бурулай Ташполотова ачып берип, аталган бирикменин айымдары бешик тойдогу ысырапкорчулуктарды чагылдырган сахналык көрүнүш тартуулашты.

Талкуунун жүрүшүндө Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетов, ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев, «Ажарлуу аялзат» коомдук бирикмесинин мүчөсү Калыскан Акматова жана Ош шаардык этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдаманын жооптуу катчысы Бердикул Султанов каада-салттар тууралуу баяндама жасашты. Катышуучулардын арасында да талкуунун алкагында суроолор берилип, тийиштүү адистер жооп берип, өз пикирлерин билдиришти.

Жыйынтыгында бул саамалыкка өзгөчө чыгармачылык менен катышкан окуу жайдын «Жаратман» чыгармачылык борбору, «Кербен» фольклордук тобу жана «Ажарлуу аялзат» коомдук бирикмесинин мугалимдерине ассамблеянын ардак грамотасы, баалуу белектери тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть