17:37 15 марта 2022

ОшМУнун «Университет» волейбол клубу Кыргызстан чемпионатында 2-орунда бара жатат

ОшМУнун «Университет» волейбол клубу Бишкек шаарында өтүп жаткан волейбол боюнча Кыргызстан чемпионатында беттешүүлөргө катышып жатат. Бул тууралуу команданын жетекчиси Бакытбек Кулуев билдирди.

Учурда ОшМУнун командасы Улуттук лигада оюн өткөрүп жаткан 8 команданын ичинен 2-орунда.

Буга чейин ректор Кудайберди Кожобеков ОшМУнун «Университет» волейбол клубуна легионер катары оюн көрсөтүүгө келген Россиянын Екатеринбург шаарындагы волейбол мектебинин тарбиялануучулары Щадских Глеб жана Шишковский Ильяны кабыл алган. Жолугушууда спортчулар менен эмгек келишимдери түзүлүп, мындан ары кызматташтыктарды бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Волейбол боюнча Кыргызстан чемпионатынын Улуттук лигасындагы мелдештер 18-мартка чейин уланат. Улуттук лиганын үчүнчү айлампасы май айында өтөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть