19:34 14 марта 2022

КМУда Араб тили борбору ачылды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Араб тили борбору ачылды.

Борбор студенттерге араб тилин үйрөтүү жана араб тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу максатын көздөйт.

Борбор Түркиянын Башак шехир академиясы менен биргеликте түзүлүп, окуу кааналары, иш бөлмөлөрү заманбап жасалгаланып, эмеректер, тийиштүү техникалар менен камсыздалды.

«Бул борбордо жаштарга тил үйрөтүүдөн башка дагы араб тили мугалимдеринин, араб тилин алып жүргөн башка кесип ээлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсун ачалы деп жатабыз. Бара-бара борборду институтка айлантуу максатыбыз бар. Себеби биздин окуу жайда Корей тили борбору, Япон тили борбору ачылып, азыр алар институт деңгээлине жеткен. Буюрса, борбор араб тилин, маданиятын, тарыхын окутуу менен мусулманчылыктын мекени болгон Сауд Аравиясы менен бизди мындан ары да жакындатат деп ишенем», - дейт университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов.

Бул борборду ачуунун эң негизги максаты эки мамлекеттин алакасын бекемдөө экенин белгилеген Башак шехир академиясынын ректору Имад Аддиин Ар-Рашиид Орто Азияда жашаган түрк элдеринин өзөгү Исламда болгондуктан, араб тили тандалып алынгандыгына токтолду. Ал борборду институт кылууга аракеттер жасала тургандыгын баса белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть