Ош шаарында жогорку жана орто окуу жайлардын окутуучулары арасында өтүп жаткан «Ден соолук-2022» спартакиадасында ОшМУнун окутуучуларынан куралган агайлар жана эжейлер командасы жалпы эсеп боюнча 1-орунга ээ болушту.
Эркектер жана аялдар арасындагы турнирдин катышуучулары спорттун 7 түрү — кичи футбол, стритбол, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси, волейбол жана ордо оюну боюнча күч сынашты.
Мелдештердин жыйынтыгында ОшМУда эмгектенген эжейлерден куралган командалар спорттун бардык түрүнөн 1-орунду ээлешти. Агайлардан куралган командалар тогуз коргоол, волейбол, шахмат боюнча 40 жаштан жогорку жана 40 жашка чейинки агайлар ортосунда өткөн кичи футбол мелдешинде 1-орунду, ордо, стол тенниси боюнча 40 жашка чейинки агайлар арасында, волейбол боюнча 40 жаштан жогорку агайлар арасында 2-орунду, стол тенниси боюнча 40 жаштан жогорку агайлар арасында 3-орунду ээлешти.
Мелдештин жеңүүчүлөрү медаль, диплом менен сыйланып, Ысык-Көлдө өтүүчү турнирге жолдомо алышты.
Спартакиадага Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайлардын окутуучуларынан куралган 8 команда катышкан. Мелдештер Ош технологиялык университетинин базасында өттү.