16:27 17 марта 2022

ОшТУда «Улуутук каада-салт жаштардын талкуусунда» аттуу иш-чара өттү

Ош технологиялык университетинде президенттин жарлыгына ылайык, кыргыз элинин каада-салтын жана ырым-жырымдарын сактоодо ашыкча чыгымдарга жол бербөө максатында ар кандай иш-чаралар өткөрүлүүдө. 

Ош шаардык мэриясы, Ош технологиялык университети, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмү, «Ажарлуу аялзат» коомдук бирикмеси менен биргеликте жаштарга туура багыт берүүдө азыркы коомдо орун алып жаткан ашыкча чыгымдарды болтурбоо, каада-салттарды сактоодо ысырапкерчиликке жол бербөө сыяктуу иш-чараларды жайылтуу максатында конференция өткөрүлдү. Ага Ош технологиялык университетинин жамааты, студенттер, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Балтагул Нурунбетов, Ош шаарында жашаган ар улуттун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын башкы максаты кыргыз элинин каада-салтын жоготпой, аларды сактоодо ашыкча каражат талап кылган ырым-жырымдарды жоюу, ысырапкорчулуктун алдын алуу менен жаштарды сарамжалдуулукка тарбиялоо болуп саналат.

Акыркы убактардагы улуттук каада-салттын бурмаланып, ашыкча чыгымдарды талап кылган жөрөлгөлөрү жана ысырапкорчулук боюнча талкуу жараткан саамалыкка арналып атайын көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө ар улуттун кийим-кечелери, улуттук буюм-тайымдары коюлуп, катышуучулар ар бир элдин тарыхын чагылдырган көрүнүштөргө күбө болушту. Мындан сырткары, жарманкеде тамак-аштын көптөгөн түрлөрү коюлуп, каалоочулар сатып алышты. Бул сатылган тамак-аштан топтолгон акча каражаты кайрымдуулукка жумшалып, шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана балдар үйүнө жумшалмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть