16:53 24 марта 2022

ОшТУ аккредитациядан өттү

Ош технологиялык университети Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) тарабынан көз карандысыз аккредитациядан өттү.

2022-жылдын 16-17-март күндөрү Ош технологиялык университетинде кадрларды даярдоо боюнча кезектеги аккредитациялык комиссия иш алып барды. Эксперттик комиссия келген күндөн тартып жетекчилик, профессордук-окутуучулук курам менен жолугушууларды өткөрүп, университеттин жалпы инфраструктурасы менен таанышты. Ошондой эле факультеттерде программаларды өздүк баалоо боюнча жумушчу топтор, кафедра башчылары менен жолугушууларды өткөрүшүп, документтерди кароо жана баа берүү менен иш алып барышты. 2 күн аралыгында материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүштү. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө ошондой эле студенттер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр менен атайын маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышты.

Университеттин баклавриат жана магистрдик программалары кѳз карандысыз аккредитациядан өткөрүлүп, билим берүү программасын баалоо кызматы офлайн жана онлайн-форматында жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) кеңешинин чечими менен окуу жай аккредитациядан өттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть