Окумуштуу педагог, адабиятчы, дипломат, коомдук ишмер Салижан Жигитовдун туулган күнүнө карата Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту менен Өзгөн райондук маданият бөлүмү жана А.Үрбаев атындагы Өзгөн райондук борборлоштурулган китепкана адабий кече жана китеп көргөзмө уюштурду.
Адабий кечеде С.Жигитов тууралуу студенттер тарабынан даярдалган даректүү тасма жана слайд көрсөтүлүп, студенттердин аткаруусунда акындын ырларынан жана чыгармаларынан, учкул сөздөрүнөн көркөм окуулар болду.
Кечеде акындар Т.Тагаев, Ж.Абдраимов, жаш акындар Салижан Жигитовго арнаган жаңы ырларынан окуп беришти жана иш-чара маданият үйүнүн кызматкерлеринин коштоосундагы концерттик программа менен коштолду.
Аталган институтта 2017-жылдан бери жергиликтүү акындарды бириктирген Салижан Жигитов атындагы адабий ийрим иштейт.