18:06 22 марта 2022

ОшМПУда 5 кабаттуу жаңы окуу имараты курулууда

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 2021-жылдын декабрь айынан бери жаңы имарат курулуп баштаган. Имаратты куруу иштерине каражат окуу жайдын өз эсебинен жумшалып, заманбап үлгүдөгү 5 кабаттуу корпус салынууда.

Учурда имараттын жер төлөсүндө колоналар тургузулуп, аларга бетон куюу иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери тез убакытта жүрүп, 2 жылга пландалган убактысынан да эрте бүтүүсү күтүлүүдө. Бул боюнча университеттин чарба иштери боюнча проректору Сталбек Сейдалиев токтолду.

«Окуу жайга тапшырган студенттердин саны арткандыктан, кааналар жетишпей, жаңы имарат курууга муктаждык жаралды. Бул имарат эл аралык стандарттын талаптарына ылайык заманбап үлгүдө, жаңы шарттар менен курулуп жатат. Планга ылайык жаңы корпус 2023-жылга курулуп бүтүүсү маалымдалган. Бирок бүгүнкү күндө куруу иштери ыкчам жүргөндүктөн, имараттын ишке берилүү күнү жакындап жатат», - дейт Сталбек Сейдалиев.

Имараттын жалпы аянты 36*21 чарчы метрди түзсө, студенттер үчүн колдонула турган ички аянты 3600 чарчы метрди түзөт. Корпус өзүнө лекциялык кааналарды, кеңешме зал, китепкана, акты залы, ашкана, аудиторияларды камтыйт.

Окуу корпусунун жалпы сметалык каражаты алгач «Перспект-Проект» ЖЧКсы тарабынан эсептелип, 154 млн 123 миң 580 сомду түзгөн.

КРдин мыйзамадарына ылайык тендер жарыяланып, имаратты курууну «Юг-Стройсервис» ишканасы 120 млн 63 миң 403 сом каражаты менен тендерди жеңип алган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть