17:02 23 марта 2022

КМУда «Улуттун улуу устаттары» аттуу эл аралык илими-практикалык конференция өткөрүлдү

2022-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин колдоосу менен Эл аралык Түрк академиясы тарабынан «Улуттун улуу устаттары» аттуу эл аралык илими-практикалык конференция өткөрүлдү.

Бул иш-чара XX кылымдын башында кыргыз-казак элдериндеги агартуу иштерине зор салым кошкон агартучу, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Ахмет Байтурсуновдун 150, Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык маарекелерине арналды.

Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали, Кыргыз мамлекеттик университетинректору Төлөбек Абдрахманов жана эки элдин окумуштуулары менен коомдук жана маданий ишмерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында Ишенаалы Арабаевдин өмүрү жана чыгармачылыгына арналган «Эки доор инсаны — Эшенаалы Арабаев» (Т.А.Абдырахманов, А.Э.Кубатова, Ж.Р.Байдилдеев) аттуу эмгектин жана А.Байтурсунов менен И.Арабаев катышкан 1924-жылы Оренбургда болуп өткөн казак-кыргыз окумуштууларынын биринчи съездинин баяндамаларынын бет ачары өткөрүлдү.

Анын аркасынан кыргыз-казак элдеринин окмуштуулары: Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин профессору, т.и.д. Мамбет Койгелдиев, К.Дыйканбаев атындагы Кыргыз дипломатиялык академиясынын проректору, т.и.д. Зайнидин Курманов, М.Ауэзов атындагы Адабият жана искусство институтунун директору, ф.и.д. Кенжехан Матыжанов, Б.Жамгырчиев атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери т.и.к. Аида Кубатова ж.б. изилдөөчүлөр илимий баяндама жасашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть