ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин базасында Санариптик көндүмдөр борбору ачылды.
Борбор иш-чараларды гибриддик Digi-Caravan форматында өткөрүүгө, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана санариптик борборлордун иш-аракетин алдыга жылдырууга багытталган. Кыргызстандын аймактары жана башка өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүгө, алардын учурдагы ийгиликтүү тажрыйбалар тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө, элеттик аялдарды, жаштарды жана студенттерди өздөрүнүн санариптик демилгелерин жана стартаптарын иштеп чыгуу жана ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жаштардын, аялдардын, аялуу топтордун, студенттердин, негизинен пилоттук жамааттардын потенциалын жогорулатууну жана санариптик көндүмдөрдү калыптандырууну камсыз кылган көп функционалдуу мейкиндикти камсыздайт.
Максаты — элеттик аялдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн санариптик технологияларды колдонууга көмөктөшүү.