11:46 28 марта 2022

Талас университетинде ЖОЖ менен мектептин байланышы талкууланды

2022-жылдын 16-мартында Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында КР президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас шаардык мэриясы, Талас билим берүү усулдук борбору менен биргеликте «ЖОЖ жана мектеп» деген аталыштагы илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Иш-чарага Талас облусу боюнча 113 жалпы билим берүүчү мектептердин директорлору, Талас облусу боюнча жалпы айыл аймактык жетекчилери катышып, билим берүүнүн күнгөй-тескейин баалоого өзгөчө шарт түзүлдү.

Бул саамалыкты ТалМУнун ректору А.Упенов ачып, билим сапатын көтөрүү, кесипкөй кадрларды даярдоонун деңгээлин жогорулатуу максатында «ЖОЖ жана мектеп» аттуу конференция уюштурулуп жатканын белгиледи.

Конференцияга онлайн-форматта билим берүү жана илим министринин орун басары катышып, конференциянын көздөгөн максатына жетишине тилектештигин билдирип, аталган иш-чаранын келечектүүлүгүн белгилеп, билим берүү саясатына токтолуп, билим берүүдөгү коммуникативдүүлүккө жана компетенттүүлүккө басым жасоо менен бирге облустук деңгээлде биргелешип иш алып баруу аракети жакшы жыйынтыктарды берерин айтып өттү.

Ошондой эле президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Жанузакова, Талас шаарынын вице-мэри М.Сейдикеримова, Талас билим берүү усулдук борборунун директорунун милдетин аткаруучу Ч.Кермалиева сөз сүйлөшүп, Талас мамлекеттик университети ар бир илимий, коомдук, маданий иштерде активдүү катышуу менен бирге билим берүүдөгү «Мектеп—ЖОЖ—мектеп» программасын жолго салып алган мекеме катары баасын берип, КРнын билим берүү саясатын ишке ашырууда ЖОЖ менен мектептин ортосундагы кызматташтык байланыштарды күчөтүү аркылуу билим сапатын көтөрүүгө, тажрыйба алмашууга, көйгөй маселелерди чечүүгө өбөлгө түзүлгөндүгүн, бул конференция мындан ары да узак жол басышын каалап өтүштү.

Пленардык отурумда ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору С.Жумалиев «ЖОЖ системасындагы билим берүү саясаты жана тенденциялары» аттуу баяндамасында билим берүүнүн заманбап тенденциялары жана республикадагы жогорку билим берүү саясатынын ишке ашырылыш маселелери боюнча сөз козгосо, А.Огомбаев атындагы орто мектептин директору Ж.Суюнтбекова «Мектеп системасындагы билим берүү көйгөйлөрү» аттуу баяндамасында мектептеги эч нерсеге кызыкпаган окуучу студент болуп, ал кызыкпаган бойдон кайра мектепке кайтаары жөнүндө жана ар тараптуу, таланттуу окуучу кандай окуу жай болбосун, изденүүсүнүн негизинде өз ишинен майнап чыгара алары жөнүндө кеп салды.

Андан соң күн тартиби боюнча конференциянын катышуучулары 2 секцияга бөлүнүп, бир тарабы М.Шайланованын «ЖОЖ жана мектеп: абалы жана перспективалары» деген баяндама-слайды аркылуу көрсөтүлүп, суроо-жооп менен талкууланса, экинчи тарап А.Умарбекованын «Мектептерде орус тилдүү мугалимдерди даярдоо» деген аталыштагы баяндамасына тегерек стол уюштуруп, кызуу талаш-тартыштар, сунуштар менен коштолду. Бардык сунуштар көз жаздымда калбай, мектептер менен ТалМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташтык келишимдери түзүлдү.

Конференциянын жыйынтыктоо бөлүгүндө секциялык иштердин жыйынтыгы каралып, резолюция кабыл алынды.

Кермалиева Чолпон, Талас билим берүү усулдук борборунун директорунун милдетин аткаруучу: «Талас мамлекеттик университети менен өтө тыгыз байланышта иш алып барабыз. Мисалга, предметтик олимпиаданын облустук турунда кайрылуу менен комиссиянын төрагалык кызматына университеттин профессордук-окутуучулар жамаатынан чакыртып турабыз. Ошондой эле облус боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында университеттин мекемесин заманбап жабдуулар менен жабдып, окутуучуларын кызматташууга чакырабыз. Жетишпеген кадрлар боюнча сунуш-талаптар менен иштешип, бюджеттик бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүн жумушчу орун менен камсыздоо боюнча иш алып барабыз. Чоң иш-чараларда университеттин жыйын залын колдонууга алып, калыстар тобун дагы дасыккан окутуучулар менен түзөбүз. Биздин ар бир ишибизде ТалМУ өз өнөктөштүгүн билдирип, кол кабыш кылышат».

Чалов Чыңгыз, №4 орто мектептин директору: «Мен өзүм дагы, биздин мектептин 70% — ТалМУнун бүтүрүүчүсү. Бул «облусубуз өз мугалимдерин өзү тарбиялап-өстүрүп чыгарды дегендикти» билдирет. Баары дегенден алысмын, бирок, мендеги мугалимдер азыркы санариптешүүнүн түркүн сырларын билген, изденгич, ар тараптуу, интерактивдүү ыкмаларды колдоно билген педагогдор десем жаңылышпайм.

Касымов Нурзат, Долоно айыл аймагынын башчысы: «Негизинен, ар бир айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин билим сапатын жакшыртууда, материалдык-техникалык базасын чыңдоодо биргеликте иш алып баруу алда канча натыйжалуу. Мисалы, ЖРТга даярдоо боюнча айыл өкмөтү дагы кызыкдар болуп, даярдоо курсун айыл ичине ачып бергени — канча окуучу борборго же Талас шаарына келип отурбай, убакыттан да утушуна көмөк берген болор эле. Бул кызыкчылык — жалпыбыздыкы. Ошондой эле жетишпеген кадрлар боюнча конференцияда жакшы сунуштар айтылды: эркек балдарды айыл өкмөт кайра мектепке келүү келишими менен өзү каржылап окутса, албетте, жыйынтык чыгат эле. Мен дагы ТалМУнун бүтүрүүчүсүмүн. Мектептин турмушу менен жетекчилик кызматта жүрүп, кадр саясатынын солгундугу ойлондурат. Аз айлыкка эркек мугалимдер келбегенин көрүп, зээниң кейийт. Жок дегенде, жаштарды ушул жол менен кесипке тартуу ар бирибиздин аткаруучу ишибиз болуп калышы керек».

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть