17:37 28 марта 2022

ОшМУнун окутуучулары бүткүл дүйнөлүк англис тили мугалимдеринин конференциясына катышты

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин улук окутуучулары Чинара Жээнбекова жана Анара Тажибаева ушул жылдын 22-26-март күндөрү АКШнын Пенсильвания штатынын Питтсбург шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк англис тили мугалимдеринин TESOL-2022 конференциясына катышып, презентация жасашты.

Алар Казакстандын Астана шаарында жайгашкан англис тили программаларынын регионалдык офиси тарабынан Орто Азия мамлекеттеринин мугалимдеринин эл аралык конференцияларына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында уюшулган Proposal Writing for Success at International Conferences долбоорунун алкагында жолдомо алышкан.

Аталган долбоорго Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан жана Өзбекстандан катышкан 30дан ашуун окутуучулардын арасынан 14 окутуучу тандалып алынган.

Эл аралык конференцияда 100 мамлекеттен 2000ден ашуун катышуучу болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть