17:39 28 марта 2022

ОшМУнун өкүлдөрү Ургенч мамлекеттик университетинде болушту

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, г.и.д., профессор А.Низамиев жана экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын окутуучусу, г.-м.и.к. Р.Умаралиев 14-19-март күндөрү окутуучулардын мобилдүүүлүк программасы боюнча Ургенч мамлекеттик университетинде болушту.

Анда А.Низамиев Ургенч мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенттерине сааттык төлөмдүн негизинде «Шаарлардын географиясы жана геоурбанистика» предмети, Р.Умаралиев магистрлерге «ГИС, дистанттык зондирлөө жана кырсыктардын тобокелчилигин башкаруу» предмети боюнча конок лекция өтүштү.

Иш сапардын алкагында университетин ректору Б.Абдуллаев жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Г.Оразбаев менен жолугушуп, кызматташуулар боюнча пикир алышты, ошондой эле тарыхый Хива шаарын зыярат кылышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть