17:43 28 марта 2022

Самаркандек гимназиясынын мугалимдери ОшМПУда тажрыйба алмашты

25-мартта Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Баткен районунун С.Кожобаев атындагы Самаркандек жатак-гимназия мектебинин мугалимдери конокто болушуп, окуу жай менен тажырыйба алмашты.

Келген коноктор алгач университеттин ректору Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болушуп, анда ректор Самаркандек гимназиясы — өлкөдө өзгөчө орду бар мыкты билим уя экенине токтолуп, университет ар дайым тыгыз иштешерин билдирип өттү. Ошондой эле Б.Зулуев бир топ жылдан бери бул гимназиядан алдыңкы абитуриенттер келип, ОшМПУда билим алып жатканын кошумчалап, мындан ары Баткендин чек ара аймактарынан жана аталган гимназиядан келген социалдык абалы оор бүтүрүүчүлөр окуу жайга жалпы республикалык тесттен тышкары кабыл алынган музыка жана дене тарбия адистиктерине түзмө-түз бюджеттик орунга кабыл алынарын белгиледи.

Жолугушууда жалпы билим берүү тармагы, ЖОЖдор менен мектептердин байланышы жана бүтүрүүчүлөр боюнча сөз болуп, келген коноктор билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө жигердүү иштешип, анын алкагында Оштогу алдыңы мектептер жана ЖОЖдор менен тажырыйба алмашууга келишкенин белгилешти.

Жолугушуудан соң мугалимдер окуу жайга саякат жасап, университеттин окуу процесси, техникалык базасы менен таанышып чыгышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть