Бишкек шаарында Кыргызстандын жогорку окуу жайлары арасында «Универсиада-2022» өткөрүлүүдө.
Студенттик лигалардын универсиадасында волейбол боюнча мелдеште Ош технологиялык университетинин курама командасы 1-орунду камсыз кылды.
Аталган спорттук иш-чара «Жаштык» дирекциясы тарабынан өткөрүлүп, 1-орунду камсыз кылган командаларга кубок, диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Студенттик лигалардын универсиадасы жогорку лига жана I лига болуп, спорттун 17 түрү, спорттун олимпиадалык, улуттук жана массалык спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлүп, командалар күч сынашууда.