18:15 30 марта 2022

КМУда Кыргызстандагы диний билим берүү маселелери талкууланды

28-март күнү И.Арабаев атындагы КМУда «Кыргыз Республикасындагы диний билим берүү: мазмуну, өзгөчөлүктөрү жана келечеги» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы башчысы, муфтий Замир Ракиев, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Айбек Иминов, философия илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев, Кыргызстан Ислам университетинин проректору Марс Ибраев ж.б. жогорку окуу жайлардагы теоллогия факультеттеринин жана колледждеринин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандагы диний билим берүү сферасындагы маселелерди анализге алуу, актуалдуу көйгөйлөрдү тактоо жана анын чечүү жолдорун сунуштоо, изилдөө үчүн шарттарды, багыттарды аныктоо, окумуштуулар менен адистердин ортосунда тажрыйба, маалымат алмашуу ж.б. маселелер каралды.

Иш-чараны КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов ачып, диний билим берүү жаатында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан мамлекеттик жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына тиешелүү окуу жайларынын ортосунда биргелешип иштөө натыйжа берерин белгиледи.

Муфтий Замир Ракиев ректор айткан маселе олуттуу экенин белгилеп, 2021-жылдан 2026-жылга чейинки кыргыз өкмөтү кабыл алган концепциясда аталган маселе кабыл алынганын билдирди. Ошондой эле ал диний окуу жайлардагы жасалып жаткан маанилүү иштерге токтолуп, баяндама жасады.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Айбек Иминов жалпы мамлекеттеги диний билим берүүнүн абалы боюнча сөз кылды.

Жалпы мамлекеттик орто мектептерге киргизүүгө сунушталып жаткан дин сабагы боюнча атайын мамлекет тарбынан түзүлгөн жумушчу топтун иши боюнча Кыргызстан Ислам университетинин проректору Марс Ибраев билдирүү жасады.

Андан тышкары, ОШМУнун теология факультетинен Тимур Козукулов, Максат Жумабаев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен Жазгүл Жолалиева, ОШМУнун Арашан гуманитардык институтунан Майрамбек Тагаев, Кыргызстан Ислам университетинен Эргешов Эрмамат, И.Арабаев атындагы КМУнун Теоллогия колледжинен Эрмек Бектуров өз ойлорун ортого салышты.

Жыйынтыгында сунуштардын негизинде көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык күн тартибине коюлган маселелерди эске алуу менен резолюция кабыл алынды.

Конференцияны КМУнун гуманитардык билимдер факультетинин теология кафедрасынын окутуучусу Эрмек Бектуров уюштурду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть