18:08 30 марта 2022

Кыргыз эл артисти Роза Аманова ОшМПУда болду

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз эл артисти Роза Аманова жана Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору Түмөнбай Колдошов конокто болуп, жетекчилик менен баарлашып, окуу жай менен таанышты.

Аларды окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев кабыл алып, бир топ маселелер үстүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле ОшМПУ жана Эл аралык медициналык университети ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүлдү. Мындан ары илимий долбоорлорду, маданий иш чараларды, олимпиадаларды бирге ишке ашыруу пландалды.

Искусство илимдеринин доктору Роза Аманова Улуттук илимдер академиясынын А.Алтымышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык изилдөөлөр институтунда бөлүм башчы кызматын аркалайт. ОшМПУга болгон иш сапарынын башкы себеби аталган бөлүмдүн сунуштарын жеткирүү жана алдыда бирге кызматташуу кызыкчылыгын көздөйт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЭАМУ жана ОшМПУнун табигый илимий билим берүү адистиктеринин катышуусунда олимпиадаларды өткөрүү, салттуу музыкадагы искусство жаатында бөлүм ачуу сунуштары айтылды. Мыкты студенттер үчүн окуу жайдын атын алып жүргөн Мырсабековдун туугандарынын атынан стипендия уюштуруу боюнча пикирин билдирди. Андан соң университеттин жалпы базасы менен таанышып, музыкалык-педагогикалык факультетинин ишмердигине жакындан күбө болду. Студенттердин аткаруусундагы чыгармаларга ортоктош болуу менен жамаатка өзүнүн жакшы пикирлерин билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть