17:56 1 апреля 2022

ОшМПУга тапшырган чет өлкөлүк студенттер кандай билим алышууда?

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин эшиги чет элдик студенттер үчүн да ачык. Окуу жайга тапшырган абитуриенттердин санын орус, татар, тажик, өзбек улутундагы жарандар дагы толуктайт.

Бул менен бирге университетке акыркы 3 жылдан бери коңшу Өзбекстандан келген абитуриенттердин окууга тапшыруу саны арткан. Себеби өзбек жарандары үчүн өз өлкөсүнө салыштырмалуу Кыргызстандын жогорку окуу жайларына окууга тапшыруу алда канча жеңил жана 1-2-курсту аяктаган соң, которулуп кетүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Учурда окуу жайда чет өлкөлүк студенттердин саны 10 миңден ашык, алардын 257си англис тили адистигинин күндүзгү бөлүмүндө окушат. Алардын арасында Махларой Сарибаева жана Омадбек Шавкатов да бар. Алар коңшу өлкөнүн Андижан шаарынан келип, окуу жайда кандай билим алып жаткандары тууралуу өз пикирлерин билдиришти.

«Университетке келгенибизде кыргыз тилин билбеген үчүн бир аз кыйын болду. Бирок азыр үйрөнүп, сабактарды, семинарларды жакшы өтүп жатабыз. Биз окуганга жана кошумча иш-чараларга катышууга бардык шарттар бар. Бул окуу жайда билим алган мага жакты, себеби көп санда студенттер келсек дагы, бизди окутуучулар жакшы кабыл алышты. Бул үчүн окуу жайга жана окутуучуларга ыраазычылык билдиребиз», - дейт Ан-21 тайпасынын студенти Махларой Сарибаева.

Чет элдик студенттер үчүн университетте бардык шарттар каралган. Окуу программалары бардыгына бирдей түзүлүп, бирок келишим акыны кыргызстандык студенттерге салыштырмалуу 30%га жогору төлөшөт. Ал эми окуу жайда Өзбекстандан жана Тажикстандын Мургап, Жерге-Тал аймагынан келген этникалык кыргыздар дагы билим алышат. Коңшу өлкөнүн аймактарынан келип тапшырган этникалык кыргыз студенттер Кыргызстандын студенттери менен бирдей укукка ээ жана келишимдик акыны да бирдей өлчөмдө төлөшөт.

Чет элдик студенттер окуудан сырткары атайын тарбиялык сааттарга, семинар- тренингдерге катыша алышат. Өз чыгармачылыктарын өнүктүрүү багытында коомдук маданий иш-чараларда да активдүүлүктөрүн көрсөтүшөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть