20:34 4 апреля 2022

КММАда «Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун» аттуу баарлашуу кечеси ѳткѳрүлдү

КММАнын №1 дарылоо иши факультетинин 1-курсунун студенттери жана А.Жумалиев атындагы Жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасынын кураторлору тарабынан «Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун» аттуу баарлашуу кечеси ѳткѳрүлдү.

Кечени КММАнын аталган кафедранын башчысы, б.и.д., доцент Махмудова Жылдыз ачты. Ал келечек муунду өз эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө жана баалоого чакырды. Баарлашуунун алып баруучусу — кафедранын окутуучусу Акынбекова Нуриза.

Кеченин коноктору: КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору Жунушалиева Гүлсүнкан, КММАнын мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Наралиева Сапаргүл, УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун ага илимий кызматкери Давлетов Мухтар жана илимий кызматкерлер Мырзабаева Нурниса, Өмүралиева Жанар.

Студенттердин калемине таандык ыр саптары угулуп, ырларга коноктор тарабынан ой-пикирлер айтылды. Коноктор менен студенттер тарабынан «Манас» эпосунан эпизоддор табышмак иретинде айтылып, тилдин кѳйгѳйлѳрү жѳнүндѳ суроо-жооп баарлашуу болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть