18:07 6 апреля 2022

КМУнун Теология колледжинин директору студенттер менен бирге Түркияга барып келди

И.Арабаев атындагы КМУнун Теологиялык колледжинин директору Н.Шамралиевдин коштоосунда колледждин алдыңкы студенттери жана мугалимдери Түркия мамлекетинин Анкара шаарындагы Кадир Чыракоглу жетектеген Тейфик Илери Имам Хатип окуу жайында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында эл аралык деңгээлде кесиптик, гуманитардык жана так илимдер боюнча сабактарга катышып, лабораториялык чөйрөдө тажрыйба топтоп, алган билимдерин тереңдетип келишти.

Бул программанын максаты инновациялык методдорду колдоно билүү, заманбап технологиялар менен таанышуу жана колдонуу, маданий жана тарыхый баалуулуктарды эске алуу менен бирге теологиялык орто кесиптик билим берүүдө жаңы муунду татыктуу тарбиялоо жана сапаттуу билим берүү болуп саналат.

Бул иш-чаранын алкагында Теологиялык колледждин директору Нурбек Шамралиев, Түркиянын Билим берүү министрлигинин Диний билим берүү башкы башкармалыгынын башчысы Мехмет Незир Гул, Гуманитардык билим берүү университетинин ректору, профессор, доктор Муса Казым Арыжан менен теологиялык орто кесиптик билим берүү боюнча пикир алмашып, Анкара шаарынын Кечи Өрен шаарынын мэри Тургут Алтынок менен жолугушуп, конок болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть