Кадамжайдагы №11 «Исфайрам» орто мектебинде ата-энелер менен биргеликте «Балдар — биздин келечегибиз» деген темада жыйын болуп өттү. Бул боюнча мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары А.Ниязова билдирди.
Жыйынга мектеп мугалимдери, ата-энелер, жаш балдар менен иштөө инспектору, айыл имамы, ата-энелер комитетинин төрагасы жана айыл башчысы катышты.
Бул жыйындын максаты — Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген «Окуучу жаштарды руханий адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясын» ишке ашыруу. Ошондой эле азыркы күндө өсүп келе жаткан жаш муундун адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын жакшыртуу, элдик каада-салттарды кайра жандандыруу, руханий бай инсандарды калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн шарт түзүү маселелери талкууланды.