13:55 9 апреля 2022

ОшТУда бухгалтерлердин кесиптик майрамына карата студенттер арасында сынак өттү

Ош технологиялык университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасы тарабынан бухгалтерлердин кесиптик майрамына карата сынак өткөрүлдү.

Сынакка экономика жана башкаруу факультетинин ар бир адистигинин студенттеринен команданын курамында 1 окутуучу жана 5 студент болгон 1ден команда катышты.

Иш-чаранын негизги максаты экономика багытында билим алып жаткан студенттердин үй-бүлөлүк бюджетти туура пландоо тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу, студенттерди келечектеги кесибине шыктандыруу, алган билимдерди иш жүзүндө пайдаланууга багыттоо, факультеттин адистиктеринин студенттеринин арасында достукту бекемдөө, келечекке туура көз карашты калыптандыруу болуп саналат.

Сынактын шартына ылайык, ар бир команда өздөрүн тааныштырышты, үй-тапшырмасы сынагын аткарышты жана видеоролик жасап, көрөрмандарга тартуулашты.

Жыйынтыгында жеңүүчү командалар факультеттин деканаты тарабынан дипломдорго жана баалуу белектерге ээ болушту.

«Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасы жыл сайын өздөрүнүн кесиптик майрамына карата ар кандай иш-чараларды уюштуруп келет. Буга чейин Ош технологиялык университетин бүтүрүп, кесиби менен эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрдү, иш берүүчүлөрдү, ата-энелерди чакырып, ар кандай семинар-тренингдерди, жолугушууларды өткөрүп келишкен. Бул жылы сынак өткөрүштү. 

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть