16:38 9 апреля 2022

ОшМПУда ден соолукту чыңдоого багытталган саамалык өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде Эл аралык дене тарбия жана спорт күнү жана Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди.

Иш-чарала ден соолукту чыңдоого багытталган спорттук оюндар боюнча мелдеш уюштурулуп, студенттер өз күчүн сынашты.

Колледждин «Дене тарбия жана табигый илимдер» кафедрасы бул даталуу күндөрдү бир топ жылдан бери белгилеп келет. Бул ирет спорттун 4 түрү боюнча мелдеш уюштурушкан. Иш-чарага арналып таяк тартыш, аркан тартыш, гиря көтөрүү, кол күрөш оюндары боюнча таймаш жүрдү.

Оюнга ар бир тайпадан студенттер катышып, кыздар-балдар өз алдынча мелдеш курушту. Мелдештин жүрүшүн дене тарбия окутуучулары көзөмөлгө алып, жыйынтыгында ар бир оюндун жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга диплом жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. Аталган саамалык спортко эркин аралашуу менен ден соолукту чыңдоого багытталат жана сергек жашоого үндөйт.

6-апрель — Эл аралык дене тарбия жана спорт күнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 2013-жылы негиздеген. Бул датага карата дүйнө жүзүндө спорттук иш-чаралар уюштурулуп, мелдештерге миллиондогон адамдар катышып, күч сынашат.

Ал эми 7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү 1950-жылдан бери жыл сайын дүйнө коомчулугу тарабынан кеңири белгиленип келет. Ал бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен түзүлүп, бул күндү белгилөөгө байланыштуу саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелерге эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу максатында жыл сайын белгилүү бир тема менен белгиленип келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть