16:43 9 апреля 2022

ОшМПУнун студенттери чет өлкөгө чыгуунун эрежелери менен таанышты

5-апрель күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин англис тили адистигинин студенттери үчүн чет өлкөгө чыгуунун эрежелери жана талаптары боюнча маалыматтык иш-чара өткөрүлдү.

Ал гуманитардык факультеттин англис тили кафедрасы тарабынан уюштурулуп, атайын адистер келип, тема боюнча мааалыматтарды беришти.

Америка боюнча Эрали Төрөгелдиев, Япония тууралуу Жийдегүл Мамашева студенттерди керектүү эрежелер менен тааныштырып, суроолорго жооп беришти. АКШ, Германия жана Япония жөнүндө маалыматтар, тил үйрөнүү, аны жайылтуу жана чет өлкөдө окууга кеңештер берилди.

Ошондой эле катышуучулар аталган өлкөлөрдө билим алуу программалары менен таанышып, чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүгүн колдонуу ой-пикирине ээ болушту.

Иш-чара студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана өнүктүрүү максатын көздөйт. Ал арада чет өлкөдө окууну самап жүргөн менен, анын эреже-талаптарын билбеген студенттер көп кездешет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть