17:10 14 апреля 2022

ОшМПУда кол өнөрчү студенттердин өндүрүшүнө шарт түзүлдү

ОшМПУнун «Жаратман» чыгармачылык борборунун алдында түзүлгөн «Тирек» кол өнөрчүлөр клубу буга чейин килем токуп, кийизден буюмдарды жасашса, эми тигүүчү машинада кийимдерди тигүүгө киришет.

Окуу жай тарабынан аларга атайын каана бөлүнүп берилип, ага кошумча заманбап үлгүдөгү шаймандар менен камсыз болушту.

«Тирек» кол өнөрчүлөр клубунда 30га жакын кыз иш алып барат. Алар тигүүчүлүк, токуучулуктун бир канча түрлөрү менен алектенишет. Килемдерди токуп, кийизден улуттук буюмдарды тигип, сайма сайышат. Мындан сырткары, назиктен сүрөт тартып, дагы көптөгөн көзгө кооз көрүнүп, колдонууга керектүү заттарды жасап, өнөрлөрүн өркүндөтүп келишет.

Бүгүнкү күндө аталган клубдун иши бир топ алга жылууда. Анткени окуу жай тарабынан заманбап үлгүдөгү 4 тигүүчү машина жана 2 оверлок алынып берилди. Кыздар алдыда окуу жайдын бийчилер тобуна формаларды жана улуттук кийимдерди тигүүнү пландап жатышат. Бул менен бирге ар кандай буюртмалардын негизинде да иштешет.

«Тирек» кол өнөрчүлөр клубу 2013-жылы «Жаратман» чыгармачылык борборунун алдында негизделген. Башында 6-7 кыздардын тобунан түзүлүп, окуу жайда уюштурулган көргөзмөлөргө катышып келишкен. Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлар аралык, шаардык көргөзмөлөрдө да активдүүлүктөрүн көрсөтүшөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть